Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Кыргызстан “Дастанды” менчиктештирүүгө берет


Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Дастан” заводу өкмөттүн менчиктештирүү программасына кирди. Эми бул сунуш Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү. Бишкекте өткөн аптада орус-кыргыз президенттеринин жолугушуусунда “Дастанга” байланыштуу маселе көтөрүлүп, келишим талкууланган жок.

Буга чейин расмий Москва кыргыз тараптын советтик доордогу 190 миллион доллар карызын жоюу үчүн “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын талап кылып, бирок Бишкек ага көнбөй келген.

“Дастан” жалпысынан суу астында жүрүүчү кемелер үчүн куралдарды – торпедолорду чыгарат. Ишкана өткөн жылы 1 млрд. 139 млн. сомдук товар өндүргөн. Продукциясын негизинен Индия, Орусия жана башка өлкөлөргө заказ менен сатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG