Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу митинг эртең Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында өтөөрүн бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Депутат Улуттук коопсуздук боюнчак мамлекеттик комитеттин башчысына жана ички иштер министрине митингди тынч, ызы-чуусуз, чагымчылдарсыз өткөрүүгө кол кабыш кылууну өтүнгөн кайрылуу жолдоду.
Бакир уулу 21-сентябрда митингге миңден ашпаган адам чогулаары тууралуу Бишкек шаардык мэриясын кабардар кылган.
Өткөн жума күнү "Чыныгы мусулмандар жамааты" деп аталган уюмдун башчысы Нурлан Мотуев Мухаммед пайгамбардын карикатурасына байланыштуу Бишкектеги Франциянын элчилигинин алдында нааразылык акция уюштурууга аракет кылган, бирок милиция жол берген эмес.
Ошол күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын аймагында "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салган. (EBM)