Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25-ноябрда өтөт


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону дайындоо тууралуу” жардыкка кол койду. Ага ылайык, добуш берүү 25-ноябрга белгиленди. Кыргыз өкмөтүнө шайлоону уюштуруп, өткөрүү боюнча каражат бөлүү, мыйзамдуулуктун, коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө тапшырылды. Мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана шаар башчылары шайлоочулардын тизмесин тактоого, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө кол кабыш кылууга милдеттендирилди.

Жергиликтүү кеңештердин азыркы депутаттарынын мөөнөтү ушул жылы 25-ноябрда соңуна чыгат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG