Мындай чара Жалал-Абад облусунда мал кырылышына байланыштуу күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” бүгүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Маалыматка ылайык, азыр калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана аймак чек араларын көзөмөлдөөгө кошумча 539 киши тартылган. Учурда Баткен облусуна сырттан мал жандыктардын кирүүсү токтотулуп, ветеринардык кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Жалал-Абаддын Сузак районунда өткөн жумада Өзбекстандан алынып келген дарыга чечекке каршы эмделген мал жапырт кырылууга тушуккан. Соңку маалыматтарга караганда, бул дарыдан 1700дөн ашуун кой өлдү. (JsA)