Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

ЕККУ Беларустагы шайлоого баасын берди


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларустагы парламенттик шайлоодо атаандаштык принциби жана демократиялык укуктар сакталган жок деп билдирди. Өнөктүккө уюмдун 300дөй байкоочусу көз салган.

Кечээки шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, оппозициянын бир дагы талапкерине депутаттык мандат тийген жок. 109 киши көпчүлүк добуш менен жеңди, дагы бир чөлкөмдө шайлоонун экинчиси айлампасы өткөрүлөт.

Жаңы парламентке Коммунисттик партиянын 3 өкүлү жана Агрардык партиянын 1 мүчөсү кирмей болду. Эки партия тең президент Александр Лукашенканы колдойт. Оппозициядагы көпчүлүк партиялар шайлоону бойкоттоп, добуш берүүчүлөрдү өнөктүккө катышпоого үндөп келишкен. Расмий маалыматка караганда, добуш берүүчүлөрдүн 74 проценти тандоосун билдирип кетишти.

XS
SM
MD
LG