Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Жалал-Абадда кырылган койдун саны 1800дөн ашты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Сузак районунда чечекке каршы эмделген 1816 баш кой өлдү. Учурда Жалал-Абадда кой этин сатууга убактылуу тыюу салынып, облус аймагында 7 карантин бекети орнотулду. Жалал-Абадда койлордун массалык кырылышына алып келген чечекке каршы дары текшерүү үчүн Москвага жөнөтүлгөнү жатат. Ал эми ылаңдаган койдун этин жеген 5 миңге жакын адам атайын текшерүүдөн өтүүдө.

Облустук прокуратура койлорду эмдеген ветеринарлар жана дарыны Өзбекстандан алып келип саткан Талип Ташболотов аттуу жаранга кылмыш иш козгоду.

8-сентябрда жеке чарба ээлери койлорун Өзбекстандан алынып келген чечек оорусуна каршы дары менен эмдеген. 14-сентябрда эмделген койлор жапырт өлө баштаган. Облус аймагында дал ушул вакцина 2773 баш койго сайылган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын өзүндө бул белгисиз дары сайылган 35 миңден 50 миңге чейин кой өлдү. Орусиялык адистер бул вакцина Орусияда жасалган деген маалыматты четке кагышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG