Бул тууралуу “Азаттыкка” Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акеенев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы өсүшү дүйнөлүк биржалардагы мунайдын кымбатташына байланыштуу:
- “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразылыктардан улам Араб өлкөлөрүндө мунай өндүрүүнүн көлөмү 3 эсеге азайды. Муну менен катар АКШ Ирандан мунай сатып алууну кыскартып, эмбарго койгон. Буга байланыштуу Нью-Йорк биржасында 11 пайызга, ал эми Орусиянын биржасында 18 пайызга баа жогорулап, заводдор бизге кымбат сата баштады. Натыйжада Кыргызстанда октябр айынын ичинде 1,50-2 сомго чейин күйүүчү майдын баасы көтөрүлүшү мүмкүн.
Бирок Акенеев күзгү оруп-жыйуу жана айдоо иштери маалында күйүүчү май тартыштыгы болбойт деп ишендирүүдө. Октябрь айында Кыргызстанга Орусиядан 75 миң тонна күйүүчү май келатат. Ноябрь айында да ушундай эле көлөмдөгү майды ташып келүү мерчемделүүдө. Ушул тапта Кыргызстанда 65-70 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү майдын кору бар. Анын жарымына чукулун дизелдик отун түзөт.(BkA)