Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:14

Курман айттын болжолдуу күнү белгиленди

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын Уламалар кеңеши Курман айттын болжолдуу күнүн 26-октябрга белгиледи. Бирок бул дата айдын жаңырышына жараша бир күнгө жылып калышы да мүмкүндүгүн "Азаттыкка" муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Курман айт ажылык сапардын этегине туш келет. Кыргызстандан быйыл 2-октябрдан тарта 4500 мусулман ажылык үчүн зыярат Мекеге жол тарта баштайт.(BkA)
​
XS
SM
MD
LG