“Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукуловдун айтымында, Башкы прокуратура мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун “Манастагы” транзиттик борборго күйүүчү май ташууга катышын текшерүү боюнча арызына көңүл кош мамиле кылган.
Буга чейин Турдукулов Бабановдун “Манастагы” транзиттик борборго ташылып келген авиакеросиндин 50 пайызын камсыз кылган World Fuels Services компаниясына тиешеси бар деп билдирип, муну Башкы прокуратурадан текшерүүнү суранган.
Бирок Адил Турдукуловдун айтымында, башкы көзөмөл орган бир катар факттарга көңүл бурбай, үстүртөн эле карап, май ташууга мурдагы өкмөт башчынын катышы аныкталган жок деген чечим чыгарган.
Буга макул болбогон жарандык активист Башкы прокуратуранын үстүнөн Бишкектин райондор аралык сотуна арыз менен кайрылаарын билдирди. Башкы прокуратура Турдукулов таккан айыптар боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Ал эми "Манас” жүк ташуу борборунун өкүлдөрү Турдукуловдун тараткан маалыматтарын четке каккан эле. Борбордун маалыматына ылайык, World Fuels Services компаниясы АКШнын элчилиги жана Жүк ташуу борборунун жетекчилиги жарыялаган тендер негизинде тандалып алынган. (BkA)