Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Эл аралык коомчулук Беларустагы шайлоону сындап жатат


Бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар жекшембиде өткөн Беларустагы шайлоону эркин жана адилет болгон жок деп сынга алышты. АКШ Мамлекеттик департаменти ЕККУ байкоочуларынын тыянагына таянып, шайлоодо талапкерлер арасында бирдей шарт түзүлгөн жок, демократиялык укуктар сакталбады деп билдирди.

Ага чейин Евробиримдик жана ЕККУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар Беларустагы шайлоодо атаандаштык принциби жана демократиялык укуктар сакталган жок деп белгилешкен.

Расмий Минск болсо ЕККУнун бул жыйынтыктарын ашкере саясатташкан деп баалады. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүүдө ЕККУнун миссиясы саясатташкан тыянактан алыс кете албаганына өкүнүч айтылган. Ошол эле учурда Беларус бийликтери КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын баасын адилет баа деп, аны кабыл алаарын билдирген.

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары саясий өнөктүк “эркин, демократиялуу жана улуттук мыйзамдарга шайкеш “ өттү деп баалаган.

Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына оппозициядагы партиялардын бир да өкүлү шайланган жок.
Оппозиция өкүлдөрү бул шайлоону бойкоттоп, анын жыйынтыгын тааныбоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG