Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Индияда миллиондой адам жер которду


Индиянын түндүк-чыгыш аймагында жаратылыш кырсыгынан улам бери дегенде 1 миллиондой киши жер которууга аргасыз болду. 18-июлда селге туш болгон Ассам штатынын 18 району кайрадан суу астында калып, 11 киши каза тапты. Нөшөрлөгөн жаан менен сел жер көчкүгө алып келип, жалпы жонунан 33 киши өлдү.

Жер которгондордун көбү чоң жолдордун боюнда алачыктарда баш калкалашууда. Жапа чеккендерди тик учактар менен эвакуациялап жатышат. Суу Казиранга улуттук паркын да каптады. Ал жерде дүйнөдөгү бир мүйүздүү носорогдордун үчтөн эки бөлүгү жашайт.

XS
SM
MD
LG