Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Жалал-Абадда бир жарым миңдей кой өрттөлдү


25-сентябрга карата Жалал-Абаддын Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн өткөн 1837 кой өлдү. Облустук ветеринария департаментинин директору Жумабек Аскаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, алардын бир жарым миңге чукулу өрттөлүп, көмүлдү. Өлгөн койлорду тезинен жок кылуу үчүн аймакта атайын куткаруучулар иштеп жатышат.

8-сентябрдан бери Өзбекстандан алынып келинди делген вакцина аймактагы жалпы 2700дөн ашуун койго сайылган. Облустук ички иштер башкармалыгы койлордун жапырт кырылышы боюнча төрт кылмыш ишин козгоду. Чечек оорусуна каршы вакцинаны тараткан жергиликтүү ветеринарлар бул каражатты Өзбекстандан келген Зиядин деген жарандан алышканын айтышууда. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG