Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Кыргыз премьери Казакстандын жаңы өкмөт башчысын куттуктады


Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын жаңы премьер-министри Серик Ахметовду дайындалышы менен куттуктап, атайын телеграмма жөнөттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, телеграммада Жантөрө Сатыбалдиев эки өлкөнүн мамилеси үзгүлтүксүз өнүгөөрүнө ишеним артаарын билдирген.

Казак өкмөтүн 2007-жылдан бери жетектеп келген Карим Масимов жана анын өкмөтү кечээ отставкага кеткен. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Серик Ахметовдун талапкерлиги казак парламентинде бир добуштан колдоо тапкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG