Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Бишкекте анти-исламдык тасмага каршы митинг башталды


Исламга акараат келтирди делген “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразылык билдирген 50-100 чамалуу жаран бүгүн Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында митингге чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлагандай, чогулгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Дүйшөн ажы Абдылдаев бар. Митингге чыккандар “Диндер ортосуна от жакпагыла!” “Кинонун продюсери жазага тартылсын!”, “Мухаммед пайгамбар үчүн жаныбызды беребиз!” өңдүү плакаттарды кармап турушат.

Нааразылык акциясынын соңунда АКШ элчилигине атайын кайрылуу тапшырылат. АКШ президенти Барак Обамага жана конгресске багытталган бул кайрылууда диндер ортосундагы мамилени козутуу аракеттерине жол бербөө үчүн мыйзамдык көзөмөлдү күчөтүү жагы сунушталмакчы.

Өткөн аптада "Чыныгы мусулмандар жамааты" уюмунун башчысы Нурлан Мотуев да Бишкектеги Франциянын элчилигинин алдында нааразылык акция уюштурууга аракет кылган. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салган болчу. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG