Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Дарыгерлер Сузактын мал кырылган айылдарына барат

Бүгүндөн тарта 14 дарыгерден турган дарыгерлер тобу чечекке каршы эмдөөдөн өткөн койлор өлгөн Сузак районундагы Көк-Арт, Кыз-Көл айыл өкмөттөрүндөгү тургундардын ден-соолуктарын текшерүүгө киришет. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди. Маалыматка ылайык, эмделген койлордун этин жеген 580 адамдын арасында ооругандар болгон жок. Жергиликтүү дарыгерлер үймө-үй кыдырып, алдын алуу чараларын көрүүдө.

Жарандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн облустук ооруканадан 30, Сузак аймактык ооруканадан 20, Багыш айылындагы айылдык ооруканадан 10 орун даярдалды. (YA)
Куржундар
XS
SM
MD
LG