Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Төрт судья Жогорку Сотко талапкерликтен баш тартты


Жогорку Сотко талапкерлигин көрсөтүп, президенттин элегинен өтпөй калган жети судьянын төртөө өз эрки менен арызын кайтарып алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Эми алардын ордуна жаңы талапкерлерден документтер алына баштайт.

Жайында Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп президентке сунуштаган. Президент алардын 25ин гана парламенттин кароосуна жиберип, жетөөнүн талапкерлигин кайра кеңешке жөнөткөн болчу. Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңеши президенттин кароосунан өтпөй калган судьяларды сынактан четтетет, же ал талапкерди экинчи жолу сунуштай алат. (KKs)

XS
SM
MD
LG