Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Ала-Букада чатак чыгып, милицияга кошумча күч жөнөтүлдү


Ала-Бука районундагы аралаш улуттар жашаган айылдардагы кырдаалды көзөмөлдөп, күзөт жүргүзүү үчүн жүздөй милиция кызматкери жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов кабарлады. Маалыматка ылайык, 8-сентябрда кыргыз жана өзбек тектүү балдар уруша кетишкен. Натыйжада эки тарап бири-бирине каршы арыз жазган. Иш сотко чейин жетип, соттук жараяндардын жүрүшүндө урушка катышкандар үй камагына чыгарылган.

Бирок бүгүн мындай чечимге нааразы болгон тарап райондун борборунда сот, прокурорго кол көтөргөнгө чейин барышкан. Азыр эми урушка катышкан балдардын баш коргоо чарасы кайрадан каралууда. Урушка катышкандар ким экени, кимдер нааразылык билдиргени так айтыла элек. (KKs)
XS
SM
MD
LG