Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ноокатта айдоочулар жол тосту


Оштун Ноокат районунда 40-50 чамалуу жергиликтүү айдоочулар эскирген жолду оңдоо талабы менен Ош-Ноокат жолун тосуп турушат. Райондун акими Замирбек Аскаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, жолдун эки тарабына кеминде миңге чукул автоунаа топтолуп калды. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Айрым маалымат каражаттары чогулгандарды милиция күч менен таркатууга аракет жасаганын жазышууда. Бирок райондун акими бул маалыматты четке какты.

Бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районунда да эл аралык ташуулар менен алектенген компаниялар тынчтык митингине чыгышты. Алар Эл аралык жүк ташуучулардын бирикмесине жаңы жетекчилердин келиши менен уруксат алуу маселеси кыйындаганын билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG