Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Пакистанда “ал-Каиданын” көрүнүктүү лидери өлтүрүлдү


Пакистандын түндүк-батышында америкалык пилотсуз учактын соккусунан улам “ал-Каида” террорчул уюмунун лидерлеринин бири Абу Каша ал-Ираки набыт болду. Бул тууралуу бүгүн Машаал радиосу Пакистандын атайын кызматтарына шилтеме берип маалымдады. Тоолуу Түндүк Вазиристан районунда урулган соккудан ал-Ираки менен чогуу дагы үч жоочу мерт болду. Аталган аймакта өкмөттүк күчтөр менен террорчул топтордун кармашы бир нече айдан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG