Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Токио менен Бээжин талаштуу арал боюнча бир пикирге келе алган жок


Жапониянын жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Бээжинде жолугушуп, талаштуу арал боюнча сүйлөшүштү. Бирок тараптар бир чечимге келе алышкан жок. Бул маселе дагы талкуулана турган болду. Учурда Жапония көзөмөлдүк кылган Сенкаку аралын Кытай бизге таандык деп талашып, аралды Дяоюйтай деп атап алган. Талаштуу аралда жаратылыш газынын жана кара майдын запасы болушу мүмкүн деген божомол бар. Жапония арал жеке адамга таандык экенин айтып, аны сатып алганын жарыялагандан кийин кытай өкмөтү муну мыйзамсыз жорук деп атап, аралды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп билдирген. Аралды Жапония ээлеп алышына каршылык билдирип, Кытайдын бир нече шаарларында нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG