Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Сариев: Инвесторлор корголбой жатат


Экономика министри Темир Сариев тоо-кен тармагы боюнча министрликте өтүп жаткан кеңешмеде Кыргызстандын күч органдары инвесторлорду коргобой жатат деп билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо органдары инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда чыккан карама-каршылыктарда чабалдыгын көрсөтүп, бул жагдай өлкө беделине шек келтирүүдө. Сариев Кыргызстанда чыр-чатаксыз кен дээрлик жок экенин, айрым учурларда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да чатактардын демилгечиси болуп жатканын кошумчалады.

Кендер тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары кен компанияларына лицензия берүүдө ар бир кен үчүн өзүнчө тендердик комиссия түзүлөт. Комиссияга мүчө болууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары кен иштетүүнү каалаган инвесторлор кирешенин 2 пайызын жергиликтүү бюджетке берүүгө, калкты жумуш менен камсыздандырууга милдеттендирилет. Булар тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.(KKs)

XS
SM
MD
LG