Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Бети сыйрылган ветеринария


Гезиттер малдын массалык кырылуусуна алып келген ветеринария кызматынын “кылыгын” жазып чыкты.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Тынчтык Алтымышевдин “Арча-Бешикке жетпеген бийликтин буту Алайга жетмек беле?” деген макаласы менен ачып, күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу жазды. Шайлоодо кайсы бир партиянын талапкери шайлоочулардын тобун конокко чакырып, көчөнүн кесилиштерине трансформатор орнотсо эле коррупцияга шектүү адам катары кармап, жарыштан чыгарыш керектигин сунуш кылды.

“Эки баштуу, төрт мүйүздүү ветеринария” аттуу макаласында Темирбек Алымбеков союз убагындагы тартиптин жана профессионалдуулуктун, жоопкерчиликтин аркасы менен ишинен кенедей кынтык кетирбей иштеп турган ветеринария тармагы кантип итке минип, башаламандыктын ордосуна кантип айланганын, бүгүнкү ветеринариянын өңү да дал ушул Кыргызстандын өңүндөй экендигин талдоого алды.

Гезит Чаткалдан келген Нарбай Бексариев аттуу автордун катын жарыялады. Катта эгер өкмөт башчылыгына шайлап туруп, 2 жыл тийбей койсо Кыргызстанды ушундай оор абалда туңгуюктан чыгара турган жигит бар экенин, ал депутат Ахматбек Келдибеков экенин белгилеп, анын ишмердигин кенен кеп кылды.

Эки баштуу ветеринариянын элге кылган кастыгын “Фабула” гезити да кепке алып, Кыргызстан төшөнүп да, жамынып да жаткан жууркан-төшөктүн ичине кирбеген коррупция калбай калганын, ал ветеринария тармагын да талкалап, талап-тоноп, анын атын ар кандай атап, бөлүп-жарып, ар бирине өз жакындарын коймой илдети акыры минтип малдын массалык кырылуусуна алып келген тарыхын журналист Айбек Шамшыкеев баяндап чыкты.

Макаланын “Келдибеков менен Бековдун өзүм билемдиги” деген жеринен үзүндү келтире кетели. “Мурунку өкмөт башчы Бабанов мурунтан Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария департаментин ушул жылдын жайында жоюп, аны Мамлекеттик санитария, ветеринария жана фитосанитария коопсуздгу боюнча инспекцияга кошуп салган. Инспекция деректирлигине Ахматбек Келдибеков өз кишиси Жаныбек Султанов дегенди дайындаткан. Ошол кезде айыл чарба министри болуп турган Төрөгул Беков мамлекеттин номур биринчи мал доктуру кылып Стамбек Алиев деген өз кишисин койгон”, - деп жазды.

Автор андан ары мына ушунун натыйжасында департамент менен инспекциядагы ветеринария тармагы эки башка иштеп, эки башка саясат жүргүзүп келатканын, көзөмөл да, жоопкерчилик да жоктугун баяндады.

Ушул эле маселе боюнча “Фабула” гезитине маек курган “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Талант Узакбаев күнөө жогоруда биз сөз кылган инспекцияда экендигин, эки баштуу жетекчилик эки жакка тартып иштеп келатканынын кесепети ушуга алып келгенин, союз маалында мамлекет малдын оорусунун 117 түрүн дарылаганга акча бөлсө, азыр болгону 8 гана орууну дарылаганга акча бөлөрүн, коңшу Казакстан мал ылаңынын 40 түрүн дарыласа, Орусия 70 түрүн дарыларын, ветеринар болуп иштеген адам вирус менен микробду ажырата билген окмуштуу киши болушу керектигин, а бизде болсо ветеринария тармагын таптакыр башка кесиптеги адамдар башкарып турганын, бул деген оорулуу адамдын оорусун врач эмес, сантехник кесибиндеги адам дарылап жаткан менен барабар экендигин айтып кейиди.

Гезит ушул эле санга бүгүнкү күндө 85 жаш кутман курагын белгилеп жаткан Кыргыз эл баатыры, айтылуу хирург Мамбет Мамакеевдин “Максимдин көзүн айтам деп балээге калдым” деген аталыштагы маегин басты.

Максимдин көзүнө байланыштуу суроого жооп берген Мамбет абабыз ар бир адамдын өзүнө жакпаган жаман сапаты болорун, анысы бир нерсени укса же көрсө ичине сактай албай дароо ачык айтып саларын, ошентип жүрүп тил азабын айда тартканын, ошондо кокус Максимдин көзүнүн карышкырдыкындай экенин көрүп, бирок карышкырдыкындай экен дегенде чатак болорун билип көзү жакшы экен деп коюп, балээге калганын айтып берди.

Бул санда Кыргыз эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Бакыт Тилегеновдун маеги жарыяланып, анда ал башкарган оркестр профессионалдык жогорку чеберчиликке кантип жеткенин кенен кеп кылды.
XS
SM
MD
LG