Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Барак Обама: Тасма Американы да кордоду


Шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышында сөз алган АКШ президенти мусулман дүйнөсүндө тополоң жараткан тасманы “жийиркеничтүү” деп атап, ал мусулмандарды эле эмес, америкалыктарды да кордогонуна токтолду:

- Мен АКШ өкмөтүнүн бул видеого эч тиешеси жоктугун ачык билдиргем жана анда берилген идеялар биздин жалпы адамзаттын баалуулуктарын урматтагандардын баары тарабынан четке кагылуусу керек деп эсептейм. Ал мусулмандарды эле эмес, Американы да кордоду. Ушул дубалдардын сыртындагы шаар биз түрдүү расадагы жана ишенимдеги адамдарга кубанган өлкө экенибизди ачык көрсөтүүдө.

Барак Обама БУУдагы сөзүндө, дүйнө лидерлерин экстремизм менен кыянатчылыктарга чечкиндүү каршы турууга үндөдү.

“Адалданган мусулмандар” деген ат менен жеке адамдар тарабынан АКШда даярдалган тасманын үзүндүлөрү интернетке чыгып кеткенден бери мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылык акциялары айрым учурларда кыянатчылыктар менен коштолуп, азыркыга чейин отуздан ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG