Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

АКШ лидери экстремизмге чечкиндүү каршы турууга чакырды


АКШ президенти дүйнө өлкөлөрүн кыянатчылыктар менен экстремизмге чечкиндүү каршы турууга чакырды. Барак Обама бул тууралуу шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышында исламга каршы тасмадан улам мусулман өлкөлөрүндө чыккан нааразылык тууралуу сүйлөп жатып айтты:

- Биз акыркы апталардагы кыянатчылыктар, кээ бир адамдардын жек көрүү сөздөрү мусулмандардын басымдуу бөлүгүнүн көз-карашын чагылдырат, видеону чыгарган америкалыктардын ой-пикиринен басымдуулук кылат деп эсептебейбиз. Ага карабай мен кыянатчылыктарга жана экстремизмге чечкиндүү каршы чыгуу бардык лидерлердин, бардык өлкөлөрдүн милдети деген ишенимдемин.

АКШ президенти мусулман дүйнөсүндө тополоң жараткан тасманы “жийиркеничтүү” деп атап, ал мусулмандарды эле эмес, америкалыктарды да кордогонун белгиледи.

“Адалданган мусулмандар” деген ат менен жеке адамдар тарабынан АКШда даярдалган тасманын үзүндүлөрү интернетке чыгып кеткенден бери мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылык акциялары айрым учурларда кыянатчылыктар менен коштолуп, буга чейин отуздан ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG