Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

БУУнун башкы катчысы Сирия боюнча глобалдык чара көрүүнү талап кылды


Пан Ги Мун БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышында сүйлөгөн учурунда Сирияда 18 айдан бери уланып жаткан жаңжал эми эл аралык тынчтыкка коркунуч келтире баштаганын белгиледи:

- Сириядагы кырдаал күн өткөн сайын начарлоодо. Кризис мындан ары Сирия менен эле чектелбейт. Ал - глобалдык кесепеттери бар аймактык апаат. Мунун эл аралык коопсуздукка жана тынчтыкка олуттуу коркунуч жаратат. Бул Коопсуздук кеңешинен чара көрүүнү талап кылат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өз кезегинде Кытай менен Орусиянын каршылыгынан улам бир турумга келе албай жатат.

АКШ президенти Барак Обама БУУдагы сөзүндө Сирия президенти Башар Асадды “өз элин өлтүрүп жаткан диктатор” деп атап, аны кулатууну көздөгөн сириялыктарга жардам убада кылды.

Ал эми Катар өлкөсүнүн эмири Шейх Ахмад бин Халифа ал-Тани араб өлкөлөрүн Сирияга кийлигишүүгө чакырып, араб күчтөрү 1970-жылдары Ливандагы жарандык согушту токтотуу үчүн жиберилгенин эске салды. Катар сириялык козголоңчуларды колдойт.

Расмий Дамаск Катар менен Сауд Аравияны козголоңчуларды курал менен жабдууда деп айыптап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG