8-сентябрда кыргыз жана өзбек тектүү балдар ортосундагы чатакка катышты делген бир тууган Эгембердиевдер кайрадан камакка алынды. Мындай чечимди Ала-Бука райондук соту чыгарды.
Ала-Букада 8-сентябрда кыргыз жана өзбек тектүү балдар уруша кетишкен. Натыйжада эки тарап бири-бирине каршы арыз жазган. Иш сотко чейин жетип, анда чатакка катышкан Рахмидин Эгембердиев жана Шухрат Эгембердиев үй камагына чыгарылган.
Бирок мындай чечимге нааразы болгон 50дөн ашык адам 25-сентябрда райондун борборунда чогулуп, кылмышка шектелгендерди үй камагына чыгарган сот жана прокурорго кол көтөргөнгө чейин барышкан. Мындан соң Ала-Букадагы аралаш улуттар жашаган айылдардагы кырдаалды көзөмөлдөп, күзөт жүргүзүү үчүн жүздөй милиция кызматкери жөнөтүлгөн.
Жалал-Абад облустук ИИБсинин маалымат катчысы Таалайбек Суусунбаев Ала-Букада учурда кырдаал тынч экенин билдирди. (BkA)