Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кумтөр боюнча митинг өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров билдирди. Жапаровдун айтымында, 3-октябрда өтө турган митингде канадалык “Кумтөр Оперейтинг” компаниясы менен бардык келишимдерди жокко чыгарып, Кумтөрдү иштетүүнү толугу менен Кыргызстанга алуу талабы коюлат.

Ошондой эле митингде Жапаров Кумтөр кенин иштетүүдө Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимге кол коюп, андан пара алган бийлик өкүлдөрүнүн тизмесин да жарыяларын убада кылууда.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ “Кумтөр” улутташтырылбай турганын, бирок ал жерде мыйзам чегинде тартип орнотуу зарылдыгын билдирген.

Азыркы тапта Кумтөр боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, кендеги абалды иликтеп жатат.

Комиссия төрагасы Темир Сариевдин сөзүнө караганда, Кумтөрдү экономикалык, укуктук багыттар боюнча текшерүү сентябрда бүтөт. Ал эми экологиялык анализ дагы бир канча убакытка созулат.

XS
SM
MD
LG