Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ак-Талаада келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду


Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалымат ылайык, окуя 24-сентябрда Ак-Талаа районунун Ак-кыя айлынында катталган. Анда айылдын 36 жаштагы тургуну мас абалында 33 жаштагы аялын сабап, андан соң уктап калган. Күйөөсүнүн токмогунан катуу жаракат алган келин ошол эле түнү жан берген.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Тергөө-иликтөө иштери уланып жатат.

Буга чейин бир катар аялдардын укугун коргогон уюмдар Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун айынан каза болгон аялдар көбөйгөнүн билдирип чыккан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG