Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Түркиядагы жардыруудан 7 киши мерт кетти


Түркиянын түштүк-чыгышындагы Түнжели шаарындагы жардыруудан 7 киши набыт болду.

Набыт болгондордун көпчүлүгү аскерлер. Жараат алгандар тууралуу азырынча так маалымат жок.

Жардыруу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Байкоочулар бул жардыруунун күрт жоочуларынын түрк аскерлерине удаа-удаа кол салып жаткан мезгилге туш келгенин айтышууда.

Өткөн аптада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн коопсуздук кызматы соңку бир ай ичинде эле Күртстан жумушчу партиясынын 500 өкүлүн жок кылганын айткан эле.

Күртстан жумушчу партиясы 1984-жылдан баштап күрттөрдүн өз алдынча мамлекет болушун Түркиядан талап кылып келет. Мунун айынан токтобой келген жаңжалдан баш-аягы 45 миңдей адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG