Саясатчы Азимбек Бекназаровдун Конституциялык палатага судья болушун каалабаган жарандык коомдун өкүлдөрү кол топтой башташты. “Интербилим” борбору тараткан билдирүүгө ылайык, Бекназаровдун талапкерлигине каршы 13 уюмдун өкүлдөрү кол коюшту. Азыр кол топтоо уланууда.
Жарандык активисттер Бекназаровдун судья болууга моралдык укугу жок экенин айтышууда. Азимбек Бекназаров бул дооматтарды четке кагып, кол чогултам деген топтун артында өзүнө каршы күчтөр турганын “Азаттыкка” билдирген.
Сотторду тандоо кеңешинин маалыматына ылайык, Бекназаров Конституциялык палатага судьяларды тандоонун биринчи турунан өттү. Тандоонун экинчи туру октябрда болот. (KKs)