Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

ЖК Казакстандагы кыргыз мигранттардын абалын жабык талкуулоодо


Ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанда иштеп жаткан кыргыз эмгек мигранттарынын абалын талкуулап, Алматыдагы мигранттар тууралуу тартылган видеону маалымат каражаттарынын катышуусуз көрүп жатат. Маселенин демилгечиси, депутат Жылдыз Жолдошева эки өлкөнүн мамилесин эске алып, талкууну жабык эшик артында өткөрүүнү сунуштады. Талкуунун соңунда “Казакстанда жеке ишкердик менен алектенген кыргыз жарандарынын кайрылуусу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынганы жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG