Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Ысык-Көлдө өрт кырсыгы көп катталды


Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда болгон өрт кырсыгы 3,5 миллион сомдук чыгым алып келди. Каракол шаарындагы куткаруу кызматынын башчысы Нарынбек Абировдун “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл тогуз ай ичинде облуста 200 өрт катталды. Бул былтыркы жылдын ушул маалындагы көрсөткүчтөрүнөн көптүк кылат. Кырсыктын көбү Ысык-Көл районунда орун алган жана өрттүн кесепетинен үч адам каза тапкан. Өрт кырсыктарынын көпчүлүгү жарандардын этиятсыздыгынан келип чыккан. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG