Бүгүн “Интернет саясатынын жарандык демилгеси“ коомдук фонду “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын Кыргызстанда тыюу салынышы боюнча билдирүү таркатты. Анда тасманын жайылышын чектөөнүн жол-жоболору так белгиленбей калганы сынга алынып, бул демилге интернеттеги басма сөз эркиндигин чектери жазылган. Уюм интернеттеги кайсы бир маалыматты чектөөдө жооптуу адамдар так аныкталышы керектигип айтып, ансыз деле Кыргызстан “Фридом Хаус” уюмунун баяндамасында интернет эркиндиги боюнча төмөнкү орунду ээлегенин билдирген. Ошол эле учурда коомдук фонд тасманын мазмунуна баа берүүдөн алыс экенин белгилеген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы боюнча атайын токтом кабыл алган. Бишкектеги биринчи май райондук соту болсо Кыргызстандын аймагында тасманы көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салган. (KKs)