Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Пакистан президенти "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын сындады


Пакистан президенти Асиф Али Зардари БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө АКШда тартылган "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын сындап, дүйнө лидерлерин андай аракеттерди кылмышка теңөөгө чакырды.

Ушуга үндөш билдирүүнү Ооганстан лидери Хамид Карзай да жасады.
Шейшембиде АКШ президенти Барак Обама ошол эле трибунадан кайрылып, чуулгандуу тасма чыккандан кийин тутанган антиамерикалык митингдерге каршы биригүүгө үндөгөн.

Өз кезегинде Египеттин жаңы президенти Мухамед Морси сөз эркиндигине, өзгөчө ал тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч жараткан учурда өзгөчө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин белгиледи.

Ошол эле күнү Башкы ассамблея өтүп жаткан Нью-Йорк шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Араб лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюшту.

XS
SM
MD
LG