Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Орусияда кыргыз жараны журналистке кол салды деп кармалды


Орусиянын “Эхо Москвы” жана “Маяк” радиолорунда иштеген журналист Сергей Асланянга кол салды деп Кыргызстандын бир жараны кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Алексей Бахромеев тастыктады. Бирок ал кыргыз жаранынын тек-жайын ачык айткан жок.

Маалыматка ылайык, журналист Сергей Асланянга ушул жылдын 28-майында Москвада кол салуу болгон. Белгисиз бирөө журналистти үйүнөн сыртка чакырып, батиринин алдында кайчы менен 15 жолу сайып кеткен. Тартип коргоо органдары кылмышка шектүү адамды аныктаганы менен, анын өз мекени - Кыргызстанга качып кеткени маалым болгон. Өткөн дем алыш күндөрү кылмышка шектүүнүн Орусияга келгени тууралуу маалымат түшүп, ал Челябинсктен кармалган. Бул окуя боюнча Орусиядагы Кыргызстандын расмий өкүлчүлүктөрү маалымат бере элек.

Журналист Сергей Асланянга кол салууга анын мусулмандарды келекелеген сөздөрү себеп болгону айтылып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG