Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Сириядагы козголоңдо өлгөндөр 30 миңден ашты


Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм билдирди.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюмдун директору Рами Абделрахмандын айтымында, каза тапкандардын 21534ү жайкын тургундар, 7322си жоокерлер, 1800дөйү армиядан качып, козголоңчулар катарына кошулгандар.

Абделрахман белгилегендей, каза тапкандардын 50-60% акыркы беш айга туура келет.

Соңку кездери Сирияда кыянатчылыктар деңгээли өсүүдө. Кан төгүүнү токтотуу боюнча эл аралык аракеттер көбүнесе БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкөнүн кризисти жөндөөнүн жолдору боюнча пикир келишпестигинен улам ийгилик таппай жатат. Сирияда жажал тутанганына азыр 19 айга аяк басып калды.

Ирандын билдиргенине караганда, кечээ борбор Дамаскта бул өлкөнүн англис тилиндеги Пресс ТВ телеканалынын кабарчысы снайпер огунан мерт болсо, араб тилиндеги “ал-Алам” телеканалынын бюро башчысы жаракат алган.

Шаршемби күнү ошондой эле Сирия армиясынын Башкы штабынын кеңселерине жакын жерде бомба жарылды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, андан эч ким жабыр тарткан жок. Кош жардыруу үчүн козголоңчулардын "Эркин Сирия" армиясы жоопкерчилик алды. (UE)

XS
SM
MD
LG