Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Чехияда күчтүү алкоголду сатууга салынган тыюу жарым-жартылай алынды


Премьер-министр Петр Нечастын шаршембинин кечиндеги билдирүүсүнө караганда, мындай чечим уулуу метанол кошулган жасалма алкоголдун булагы табылгандан кийин кабыл алынды. Метанол кошулган алкоголго уулануудан акыркы апталарда Чехияда 26 кишинин өмүрү кыйылган.

Чех премьер-министринин айтымында, дүкөндөр эми градусу жогорку алкоголдук ичимдиктердин 2012-жылга чейин өндүрүлгөндөрүн сата алышат. Ал эми быйылкы жылы чыгарылгандарды жаңы үлгүдөгү акциздик марка менен гана сатууга болот.

Чех алкоголдук ичимдиктеринин экспорту жакынкы күндөрү Еврошаркеттеги өнөктөштөр менен өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөрдөн кийин калыбына келиши мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG