Жергиликтүү ЛАНА жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Ливиянын Улуттук конгресси укук коргоо органдарына Омран Шаабанды уурдап кетип, кыйноого алгандарды табуу үчүн он күн убакыт берди. Жыйырма эки жаштагы Шаабан эки күн мурда Парижде ооруканада каза тапкан.
Маалыматтарга караганда, былтыр ливиялык козголоңчуларга Каддафи кичи мекени Сирт шаарынын жанында, дренаж трубада жашырынып жатканын ушул жигит айтып берген. Быйыл июлда болсо аны Каддафинин жактоочулары уурдап кеткендей.
Кыйноого алынып, омурткасына ок жеген Шабаан өткөн аптада Ливиянын утурумдук лидери Мохаммед Магрифтин ортомчулук аракети аркасында бошогон.
Аны кичи мекени Мисрата шаарында акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө 10 миңдей киши катышты.(UE)