Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Иран президенти дүйнөдө жаңы тартип зарылдыгын айтты


БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Махмуд Ахмадинежад дүйнөдөгү азыркы тартипти “текебердиктин гегемониясы” деп атап, ал үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады:

- Жарыша куралдануу жана гегемон державалардын өзөктүк курал, массалык кыргын салуучу курал менен коркутуусу кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Абдан заманбап курал-жарактын жаңы муунун сыноо жана ошол курал - жарактарды өз убагында ачыкка чыгаруу боюнча милдеттеме азыр мамлекеттерге коркунучтун жаңы түрү катары аларды гегемониянын жаңы доорун кабыл алууга мажбурлоо үчүн колдонулууда.

Иран президенти БУУдагы сөзүндө өзөктүк программа тууралуу айткан жок.

Мурдараак АКШ президенти Барак Обама Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда Вашингтон Ирандын өзөктүк программасына байланышкан талашты дипломатиялык жол менен чечүүнү кааларын айтып, бирок бул үчүн убакыт чексиз эместигин эскерткен.

Башкы ассамблеядагы сөзүнөн кийинки пресс-конференцияда Ахмадинежад Иран АКШ менен диалогго даярдыгын кайталады.

Анын БУУдагы сөзүн АКШ менен Израилдин өкүлдөрү бойкоттошту.

Башкы ассамблеянын 67-сессиясында сүйлөө Махмуд Ахмадинежаддын президент катары БУУдагы акыркы сөзү болду. Анткени келерки жылы анын президенттик экинчи мөөнөтү аяктоодо.

XS
SM
MD
LG