Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргызстанда ыктыярдуу кан тапшыргандар азайды


Буга байланыштуу "Кан тапшырып, өмүрлөрдү сактайлы" деген аталыштагы акцияны “Республика" саясый партиясынын жаштар канаты уюштуруп жатат. Анда ыктыярдуу жүздөн ашык жаш активист Бишкектеги Кан борборуна кан тапшырышат.

Уюштуруучуларынын айтымында, акция Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезилгени үчүн уюштурулду. Ага бардык каалоочулар катышса болот.

Бишкектеги Кан борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайууда. Муктаж болгон оорулууларга кан куюу талабын канааттандыруу үчүн Кыргызстанда жыл сайын миң кишинин 40-50сү кан тапшырып турушу керек болсо, учурда миң кишинин беш-алтоо гана кан тапшырат.(BkA)

XS
SM
MD
LG