Шаршембиде борбор шаар Афинанын көчөлөрүнө чыккан миңдеген демонстранттарга полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Мамлекеттик жана жеке ишканаларда иштеген 50 миңден ашуун адам 24 саатка иш таштап, парламент имаратына карай жүрүш жасады. Эки ири кесиптик кошуун уюштуруп жаткан акция өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы багытталган.
Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун кезектеги жардамын алуу үчүн Грекия өкмөтү бюджетти үнөмдөө чараларын көрүүгө тийиш. Бирок терең кризиске баткан өлкөдө ансыз да жумушсуздардын, жакырчылыкка баткан адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө.
Грекияны банкроттуктан куткарып, бирдиктүү валюта – еврону сактап калыш үчүн эл аралык финансы институттары 2010-жылдын май айынан бери грек өкмөтүнө 230 миллиард евро берди.