Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Сирияда бир күндө эле 343 адам окко учту


Сирияда каза болгондодун саны 30 миңге жетти
Сирияда каза болгондодун саны 30 миңге жетти
Сириялык укук коргоочу уюмдун тараткан маалыматына ылайык, шаршемби күнү оппозиция-бийликтин куралдуу күчтөрүнүн аткылашуусунан 343 адам өлдү. Бул 2011-жылдын март айында башталган жаңжалдан берки бир күндө эң көп адамдын өмүрү кыйылган “каргашалуу күн” болду. “Өлгөндөрдүн саны улам көбөйүп жатышы Сирия режими өзүн сакташ үчүн бардык чараларга барууга даяр экенин көргөздү”, - деп билдирди укук коргоочу уюм. Уюмдун билдирүүсүндө соңку кезде балдар да кыйноого алынып, сексуалдык зомбулук күчөгөнү айтылат.

Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйынын өткөрүп, анда башкатчы Пан Ги Мун “Сириядагы жаңжалды токтотуунун жолу табылбаса, аймактагы башка өлкөлөргө да жайылат”, - деп эскертти.

Бир аз күн мурда баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сирия обсерваториясы деп аталган уюмдун директору Рами Абделрахман жаңжалда жалпы эсеби 30 миң адам набыт болгонун айтып, алардын 21534ү жайкын тургундар, 7322си жоокерлер, 1800дөйү армиядан качып, козголоңчулар катарына кошулгандар экенин баяндамасында жарыялады.

XS
SM
MD
LG