Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

ЖК: талап-тоноо боюнча депутаттар көрсөтмө берет


Жогорку Кеңеште Абдулла Юсуповдун билдирүүсүн териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия талап-тоноочулук боюнча айып коюлган "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарын бүгүн чекесинен сурай баштайт. Бул тууралуу комиссия төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, биринчи Райкан Төлөгөнов уулу Муса Төлөгөнов менен бирге суралат. Андан кийин Турат Мадылбеков, Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер көрсөтмө берет.

Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов депутат ушу тушта эти ысып, катуу ооруп жаткандыктан комиссиянын бүгүнкү жыйынына катыша албасын “Азаттыкка” маалымдады.

Апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган Юсупов мындай иштерге азыркы “Ата Мекен” фракциясынын төрт депутатынын көрсөтмөсү менен барганын айтып чыккан эле. Буга байланыштуу “Республика” фракциясынын сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG