Москвада кыргыз жараны Бегимай Ахунованын өрттөлүшү боюнча соттук териштирүү аяктады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, анда Т. Омаров аттуу жаран күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды жана жабырлануучуга 20 миң рубль төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал Бегимайды жеке келишпестик мамилелерден улам өлтүрүү максатында ушундай кадамга барганы аныкталган.
Былтыр 9-июлдан 10-июлга караган түнү беткап кийген адам Бегимай Ахунованы өлтүрүү максатында башынан ылдый бензинди жаба куюп өрттөп жиберген. 19 жаштагы кыздын денесинин 35 пайызы күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн эле. (EBM)