Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Тажикстанда кыргыз жарандарынын үстүнөн сот башталды


“Азаттык” радиосунун Тажик кызматынын кабарына караганда, кечээ Хожент шаарында Кыргызстандын эки, Тажикстандын бир жаранынын үстүнөн сот башталды.

Алар сымапты аткезчилик жол менен ташыган деп айыпталууда.

Адвокат Абдурахман Тураевдин айтымында, ал коргоп жаткан кыргыз жараны Икрам Сыдыков - жергиликтүү кеңештин депутаты жана кыргыз тараптан аны бошотуу жөнүндө өтүнүч түшкөн:

- Алар эл аралык нормаларга ылайык, депутаттын кол тийбестик макамы алынмайынча бошотулуп турушун суранышууда.

Тажикстандын тартип коргоо органдары билдиргендей, кыргызстандык үч, жергиликтүү бир тургун 90 кг сымап менен Исфара районунда 20-июнда кармалган.

Кыргызстандык үч жарандын бири 5-июлда күнөөсү жоктугуна байланыштуу бошотулган.

Ага чейин Тажикстанда кармалгандардын туугандары Баткенде тажик жарандарын эки ирет барымтага алышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG