Бинямин Нетаняху бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда айтты:
- Ушул кечки саатта Иран атомдук бомбага ээ болушун тынч жол менен алдын алуунун жалгыз жолу бар. Бул -Ирандын өзөктүк программасы үчүн кызыл сызыкты так коюу.
Бинямин Нетаняху белгилегендей, өзөктүк бомба жасоого даярдык көрүү жараяны учурунда уран байытуунун үч баскычы бар.
Жөөт өкмөт башчысы ырастагандай, Иран азыр уран байытуунун экинчи баскычында турат жана ал “кызыл сызык” деп атаган чек ара уран байытуунун мына ушул экинчи, ортоңку баскычы бүткөн жерге коюлуш керек.
Израилдин лидерлери акыркы кездери кокус Иран өзөктүк бомба түзүүгө жакындап калса, анын өзөктүк жайларына бир тараптуу сокку ура аларын эскертип келишет.
Бирок Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ушул аптада Нью-Йорктогу басма сөз жыйындардын биринде алар Израилдин коркутуусуна олуттуу деле маани беришпей турганын айтты.
Бир күн мурда АКШ менен Израил Иран президентинин БУУдагы сөздөрүн бойкоттогон болчу. Израилдин премьер-министри сүйлөп жатканда ирандык делегация да ушундай эле кадамга барды. (UE)