Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Жогорку Кеңеште “Туугандык байланыштарды ачыкка чыгаруу жөнүндө” мыйзам өткөн жок


Мыйзамга ылайык, жогорку саясий кызматкерлер кызматка дайындалар алдында мамлекеттик органдарда иштеген туугандары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болмок. Бирок парламенттин кечээки жыйынында бул мыйзамга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, ал өтпөй калды.

Мыйзамды иштеп чыккандардын бири Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, аталган мыйзам мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты камсыз кылып, бийликтеги тууганчылык, коррупция сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөргө тоскоол болмок:

- Бул жерде жаман деле ой жок болчу. Бирок депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон жок. Албетте ар кимдин өз эрки. Депутаттардын өз кызыкчылыгынан ашып түшө албай жатканын дагы бир жол көрдүк. Кимдин тууганы кайсы кызматта отурарын коомчулук алдына ачык-айкын көрсөтсөк жакшы эле болмок. Бүгүн айрымдар туугандарын колдоп, өкмөттүк кызматка, “майлуу орундарга” отургузуп жатышат. Муну баарыбыз эле көрүп, билип турабыз. Бирок мыйзам кабыл алынса, аны расмий түрдө ачыккан чыгарууга жол ачылмак.

Буга каршы депутаттар аталган мыйзам “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамды кайталап каларын, кабыл алууга муктаждык жок деген жүйөнү келтиришти. (BkA)

XS
SM
MD
LG