Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

АКШда “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын автору камакка алынды


АКШнын Калифорния штатында чуулгандуу “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын жараткандардын бири делген Накула Бассели Накула камакка алынды.

Сот Накуланын тасманы жаратууда 2011-жылы түрмөдөн бошотуу учурундагы шарттарды бузуп, бузбаганын карап чыгат. Ал шарттарга ылайык, Накулага белгилүү бир мезгилге чейин көзөмөл органдын уруксатысыз интернет колдонууга тыюу салынган болчу. Накула 2011-жылы банк эсептери боюнча көз бойомочулук жасаганы үчүн жаза өтөп чыккан.

Египетте туулган коптик христиан Накула тууралуу мусулмандар арасында нааразылык жараткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы интернетте пайда болгондон тартып белгилүү болду. Бул тасма мусулман өлкөлөрүндөгү анти-америкалык нааразылыктар учурунда АКШнын Ливиядагы элчиси баш болгон жыйырмадан ашык адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG