Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Апрель окуясы боюнча сот уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 1-октябрда апрель окуясы боюнча соттук жараян уланат.

Соңку соттук териштирүүдө айыпталуучулардын бири Мурат Суталинов ооруп калганына байланыштуу иш белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Эми ишти караган Бишкек аскер гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбеков Суталиновдун ишин өзүнчө бөлүп, жараянды улантууну же айыпталуучу айыкканга чейин токтото туруу боюнча чечим кабыл алат.

7-апрелде набыт болгондордун туугандары жана жабыркагандар сотту бүтүрүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып келишет.

Апрель окуясы боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Айыпталгандардын алтоо качып кеткен, үчөө камакта. Буга байланыштуу соттук териштирүү 2010-жылдын ноябрь айынан бери уланып келатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG