29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн атайын акция өткөрөт. Акциянын алкагында Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунда каалоочулар дарыгерлердин текшерүүсүнөн акысыз өтүшөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, Кыргызстанда күн сайын 50дөй киши жүрөк оорусунан каза табат. Жылына 18 миң кишинин өмүрү дал ушул жүрөк кан-тамыр оорусунан кыйылат.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги 2012-жылды Саламаттык жана чын жүрөк жылы деп жарыялаган. (BkA)